Россия АКШ менен Европада пайда көрүүнүн дагы бир жолун тапты

Бразилия 24 жылдан бери биринчи ирет россиялык уранды сатып алды. Жалпы наркы 72 миллион долларды түздү. Мындан тышкары, "Росатом" аталган мамлекеттеги жалгыз атомдук электр станцияны камсыз кылмакчы.
Sputnik
Ресурс Индияга Россиядан кайрадан жөнөтүлө баштады, АКШ да импорт көлөмүн эки эсеге көбөйттү. Жарым жыл аралыгында эле Вашингтон Москвага 700 миллион доллар төлөдү. Рынокто РФ өз ордун кантип бекемдеп жатканы туурасында РИА Новости сайтына Надежда Сарапинанын макаласы жарыяланган.
Быйыл Бразилия 27,1 тонна россиялык байытылган уранды 18,9 миллион долларга, 52,7 миллион долларга 26,9 тонна табигый сырье импорттогон. Буга чейин бул өлкө РФтен акыркы ирет 1998 жана 1999-жылдары сатып алган. Ошондой эле бир нече жылдан бери "Росатом" медицина үчүн изотоптук өндүрүм менен жабдуучулардын алдыңкы сабында.
2022-жылы бразилиялыктар табигый уранды Улуу Британиядан 23,5 миллион долларга, Казакстандан — 17,3 жана Канададан 4,6 млн долларга сатып алган. Ошол эле Улуу Британияда байытылган уранды — 13,7 миллионго, Германиядан — 1,1, Швециядан — 893 миң жана Кошмо Штаттардан болгону беш миң долларга алган. Эми ошол көлөмдүн дээрлик баарын Россиядан импорттоп, америкалыктар болгону 2,2 миң долларга акталган уран алып келишкен.
Төрт жылдык тыныгуудан кийин Россиядан Индияга 13,5 миллион долларга 118 тонна сырье жөнөтүлдү. "Росатом" бул өлкөдөгү "Куданкулам" атомдук электр станциясынын энергетикалык блогунун курулушуна да катышып, ошондой эле өндүрүштүк кубаттуулукту биргеликте өстүрүү жагы да талкууланууда.
Г.В.Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин экономика кафедрасынын доценти Александр Тимофеев муну геосаясий кырдаалдын өзгөрүшү менен түшүндүрдү. Анын пикиринде, мурда көгүлтүр отту пайдаланып келген, ушул тапта энергетикалык таңсыктыкка кабылган аймактар башка жол издөөгө аргасыз болууда. Ал түгүл Россия менен соода байланыштарын үзүүгө умтулган Кошмо Штаттар жарым жыл аралыгында сатып алуулары эки эсеге чыгып, атап айтканда, жергиликтүү рыноктун 32 пайызына чейин жетти. Америкалык статистикалык кызматтын маалыматтарына таянсак, бул – 2005-жылдан берки эң чоң көлөм. 416 тонна үчүн Москва 696,5 миллион доллар алды.

Технологиялык артыкчылык

Батыш россиялык атомдук тармакка каршы баары бир санкция киргизе алган жок, тыгыз аракеттер дале токтой элек. Ал эми бул – ресурстук базанын гана эмес, технологиялык артыкчылыктын натыйжасы.
"Уранды байытуунун технологиясы саналуу гана мамлекеттерде бар, ээлик кылгандары да бул багытты өнүктүрбөй калышкан. Маселен, АКШда жагдай ушундай. Өз өндүрүшүн аталган держава 2027-жылдан эрте кайра калыптандырууга дарманы жок, ошондуктан алар россиялык байытылган урандан баш тарта албайт", — деп талдап берди Энергетикалык өнүктүрүү фондунун директору Сергей Пикин.
"Биз (РФ – редакциянын тактоосу) дүйнөдөгү атомдук реакторлордун жарымына жакынын уран менен камсыз кылабыз. АКШ, Улуу Британия же Францияда мындай кубаттуулук жок", — деп кошумчалайт россиялык көз карандысыз өнөр жай эксперти Леонид Хазанов. Мындан сырткары, Россиянын АЭС куруу, даярдоо жана отунду иштеп чыгууда тажрыйбасы эбегейсиз. Индиядан тышкары, "Росатом" Түркияда — "Аккуйу", Египетте — "Эль-Дабаа", Венгрияда — "Пакш-2", Бангладеште — "Руппур", Кытайда — "Тяньвань" жана "Сюйдапу" атомдук электр станциялык долбоорлорун ишке ашырып келет. Жалпы 33 блок иштейт.
Ошондой эле корпорация туюк өзөктүк-отун цикл технологиясын өздөштүрүүдө. Бул иштетилген отунду кайрадан пайдаланууга жол берип, өзөктүк энергетиканы миң жылдыктарга карай камсыз кылып, реакторлорду дээрлик түбөлүк кыймылдаткычтарга айлантууга мүмкүндүк берет. Андан улам энергетика арзандайт. Белоярск АЭСинде энергоблоктордун жарымы дал ушундай — ыкчам нейтрондор менен иштейт. Мындай технологияны Франция да, АКШ да, Улуу Британия да, Япония да өздөштүрүүгө белсенип, бирок майнапсыз аракеттерден улам инновациялык долбоорлорду да жаап тынышкан. Россия гана бул саамалыкты жарата алган. Жакынкы жылдары болжолдуу атаандаш тек гана Кытай боло алышы ыктымал.

Келечекке камылга

Албетте, технологиялык артыкчылык өзүнөн өзү кардарлардын табылышына кепилдик бербейт. Эксперттер Индия менен Бразилияны арзандатуулар менен бул ишке тартышканын боолголошот. Кандай болгон күндө да жогорку сапат жана кызыктырган баалар Россияга бул рыноктордо бекем орун алууга шарт түзөрүн айтат Каржы университетинин стратегиялык жана инновациялык өнүгүү департаментинин доценти Михаил Хачатурян.
Бул башталышы гана экенин белгилейт Хазанов. Нью-Делидеги атомдук энергетиканы өнүктүрүү боюнча ири пландарды Москвасыз жүзөгө ашыруу кыйын. Пикиндин пикиринде, Уран менен жабдууну диверсификациялоо санкциялардын айынан болжолдуу жоготуулардын көлөмүн төмөндөтөт. "Ар кандай варианттарды иштеп чыгуу убакытты талап кылат. Булардын баары иштеп кетерине ынануу керек. Эң оболу бул – логистика, индиялык рупи сыяктуу татаал айлантылган валюталардагы эсептер маселеси", — деп тактап өттү ал.
Аналитиктер өзөктүк энергетика жаатында соодадан Батыштын баш тарта турганы арсар деп баамдашат. Урандын коруна бай Нигердеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бул отун Франция үчүн да кымбатка түшүп, башка жолдорун издөөгө туура келет. Дүйнөдө 2026-жылдан кийин кен казуу азайып кетерин эске алсак, ынанымдуу жабдуучулардын баркы арта түшөрү бышык. Калдыксыз реакторлордун курулушуна да суроо-талап өсөт. Ал эми дал ушул багытта Россияга эч ким караандай албайт.
Пайданы демократиядан өйдө көрүп... Европа Россия менен сооданы кеңейтүүдө