БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Telegram-каналдарды өнүктүрүүдө репосттор менен пиар жардам берет. Бул тууралуу журналист Бакыт Смаилов SputnikPro мастер-классынын алкагында билдирди.
"Кыргызстанда Telegram-каналды популярдуу кылуу оңой эмес. Анткени платформа эми гана акырындык менен жайылып келе жатат. Каналды кеңири аудиторияга тааныштыруу үчүн бир нече жол бар. Биринчиден, постту бөлүшүүгө ыңгайлуу болгудай жазыш керек. Эгер маалыматты колдонуучулар бөлүшсө, жаңылыкты окугандар менен катталгысы келгендердин саны өсөт. Дагы бир ыкма бар, бул — пиар. Кайсы бир Телеграм-канал менен бири-бириңерди пиарлоону сүйлөшүп алсаңар болот. Телеграмды башка платформалар аркылуу да жарнамалоо зарыл", — деди Смаилов.
Журналист студенттерди каналга 100-150 мегабайттык оор видеолорду жүктөбөөгө чакырып, үч-төрттөн ашпаган сүрөт кошсо болорун айтты.