Пресс-борбор

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында эмне үчүн кадр тартыш. Түшүндүрмө

Адистин айтымына караганда, кадр тартыштыгынын башкы себеби — каалоосу барлар тесттен өтө албай калып жаткандыгында.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Иштегиси келгендер бар, бирок алар өтө турган тиешелүү баллды ала албай жатышат. Бул туурасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин укук бөлүмүнүн жетекчиси Бактыгүл Үсөналиева Sputnik Кыргызстандын маалымат агенттигинде болгон брифингде айтты.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин укук бөлүмүнүн жетекчиси Бактыгүл Үсөналиева
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында: мэрияларда, айыл өкмөттөрүндө кадр жетишсиздиги турат. Иштейм дегендер бар, бирок тесттен өтө албай калып жатышат. Мамлекеттик кызматка талапкер болуш үчүн жаран мыйзам талап кылган документтерди тапшырышы керек. Экинчи этап — мыйзамдар боюнча тесттен өтүү. Ал 60 суроодон турат. Үчүнчү этапта аңгемелешүүдөн өтүү үчүн кеминде 30 суроого жооп бериши керек", — деди Үсөналиева.
Ал кадр тартыштыгы айыл өкмөттөрүндө экендигин, ал эми мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарында мындай нерсе байкалбастыгын кошумчалады.
Радио
Аймактардын өнүгүшүнө айылдык кеңештер таасир этеби? Эксперттин пикири