БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. УКМК Чүй облусунун жана Аламүдүн районунун башкы архитектору У.Н. жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери К.Бны пара алып жаткан жеринен кармагандыгын билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр Мамлекеттик курулуш агенттигинин А.А. аттуу жооптуу кызматкерине райондук башкармалыктын башкы бухгалтери Ж.Тны ээлеген кызматынан бошотуу үчүн мыйзамсыз аудиттик текшерүүнү жүргүзүп, каралоо жолу менен кызматтан алуу үчүн кайрылган. Алар 6-сентябрда А.Ага 1500 доллар пара берип жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.