Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Буга чейин бул кызматты Талантбек Иманов жетектеп турган. Ал Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Буга чейин бул кызматты Талантбек Иманов жетектеп турган. Ал Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.
Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалды