Укуктук кеңеш алууда кандай маселе болбосун жарандар нотариустарга кайрыла алат. Алар кайрылган адамдарга медиаторлук кызмат көрсөтүүгө мыйзамдын негизинде милдеттендирилген. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, нотариустардын медиаторлук кызмат көрсөтүүсү өзгөчө элеттеги калктын укуктук сабатын жогорулатууга көмөкчү болот.
"Бизде өлкө боюнча иштеген адвокаттардын 70 пайыздайы Бишкекте. Калган бөлүгү Ош шаарында эмгектенет. Ошентип отуруп өзгөчө алыскы райондордо калкка укуктук жардам берүү көйгөйү курчуду. Биз бул маселени чечүү үчүн алыскы тоолуу райондорго адвокат болуп иштөөнү каалагандарга лицензия берүүдө документтерин кезексиз карап берип жатабыз. Бул жерде экзаменди өздөрү тапшырышат, болгону документтерин карап чыгуу кезексиз жүрөт. Мындай чакырыгыбызга кулак салган жалгыз гана адвокат болду. Ал Тогуз-Торо районунда иштээрин билдирген болчу, бирок экзамен күнү келбей койду. Ошентип азырынча алыскы райондорго барып жактоочулукту аркалай турган адистер табыла элек. Ушул жерден бир маселени ачыктап кетким келет. Азыр мамлекет тарабынан адвокаттардын гонорарына бөлүнгөн акчанын суммасы дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Андыктан жекече иштеген кесиптештеринен кем эмес акча табышат. Жаш кадрлар коркпой эле аймактарга бара берсе болот. Учурда бул көйгөйдү чечүү үчүн нотариустарга кайрылгандарга укуктук кеңеш берип, медиаторлук кызматты да аткаруу милдети жүктөлгөн. Андыктан тургундар маселе жаралган учурда бардык нотариустарга кеңеш үчүн кайрыла берсе болот", — деди Сыдыков.
Ал ошондой эле укуктук кеңеш алууда республика боюнча 114 кыска номери иштээрин кошумчалады.