Ошол эле учурда курал рыногунда атаандаштык күч алып барат. Бири жеңсе, башкасы утулууга дуушар... РИА Новости сайтына ушундай мазмундагы Виктор Ждановдун макаласы жарык көрдү.
Rheinmetall концерни чыгарган Leopard 2 танктары "керемет курал" макамын актай алган жок. Немец маалымат каражаттары жазгандай, эл аралык рынокто ишкананын көйгөйлөрү жаралышы ыктымал. 2023-жылдын башында Батыштан техника алганда Киев жана анын союздаштары жеңишке үмүт артышкан. Бирок алар күткөндөй болбоду. Анан калса Rheinmetall өзүн ынанымсыз өнөктөш катары көрсөтүп, белгиленген мөөнөттөн кармалып, жабдууну кечеңдеткен кездери да болду.
Россиялык аскердик бөлүктөр "Леопарддарды" соо калтырган жок. Ал тургай расмий украиналык маалыматтар боюнча июндан бери убада кылынган танктардын жалпы санынан он пайыздан ашууну талкаланган. Реалдуу саны, мындан да көп болушу мүмкүн. Жыл аягына чейин Киевге 71 машина берилиши керек. Азырынча Украина Куралдуу күчтөрү талкаланган танктарды эсепке алганда 54 бирдик алышкан.
Жарактан чыккан "Леопарддардын" ордун Батыш "Абрамстар" менен алмаштырышы ыктымал. Алгачкы он даанасын ушул айдын ортосунда беришет. Бирок батыш кеңешчилери аларды контрчабуулда пайдалануу туура эмес пикир экенин белгилешет, анткени немец аналогдору согуш талаасында майнапсыз экени байкалды.
The Wall Street Journal журналындагы маалыматтарга караганда, Украина Куралдуу күчтөрү колуна тийген техниканы ушундай тездик менен жоготуп жатышы киевдик бийликти гана тургай, союздаштарын да айран таң калтырды. Ошол эле убакта Rheinmetall корпорациясынын жетекчиси Армин Паппергер кадимки куралды пайдалануу менен Украинадагы согуштук аракеттерге Батыштын даяр эмес болуп чыкканын билдирди. Алардын курал кору да бат түгөнүүдө.
Танк ок-дарысынын арсеналын толуктоо үчүн кеминде эле беш жыл кетет. Азыркы тапта компаниянын жетекчилиги келечекте Европа үчүн 800 жаңы танк чыгара аларын боолголойт. Бирок "Леопарддарга" анын азыркы аброюнан улам суроо-талап азайса, концернди эбегейсиз чыгашалар күтөрү толук ыктымал.
Батыш аскер-өнөр жай комплекси үчүн жаңжал аймагы өзүнчө бир полигон жана атаандаштыктын аренасы болуп калды. "Леопарддар" менен мисалга, британиялык BAE Systems ишканасы чыгарган Challenger 2 танкы атаандашат.
Январь айында Улуу Британия Киевге 28 машина берүүгө милдеттенме алган. "Челленжерлер" согуштук аракеттерде колдонулуп келет. Алардын бири жакында эле Запорожье облусунда өрттөлгөнү белгилүү. Батыш техникасы үчүн түштүк кореялык K2 "Кара кабылан" – кыйла олуттуу атаандаш.
Сеул Киевге учуучу курал бербейт, бирок Польша 28 "Кабылан" менен куралданганы маалым. Польша тарабынан алардын украиналык аймакта да пайда болуп калары ажеп эмес. Варшава Түштүк Кореядан 2026-жылга чейин миң танк сатып алууну пландайт. Улам Украинага берилип жаткан "Леопарддардын" ордун толугу менен толуктайт.
Ал ортодо BAE Systems жаңжалдын эсебинен көбүрөөк киреше табууга умтулат. Компаниянын филиалы эми Украинада иштей баштайт. Башкы директор Чарльз Вудберн Зеленский менен өндүрүштү жайгаштырып, танкты оңдоо жана тетиктери менен жабдуу боюнча макулдашкан. Киев L119 жана M777 артиллериялык тутумун, ошондой эле CV90 пехота унаасын чыгарууну көздөйт.
Булардан тышкары, Rheinmetall башчысы концерн Украинада танк куроо жана техникалык тейлөөнү баштоого даяр экенин билдирди. Германияда 12 украиналык адисти окутушту. Кийинчерээк ушундай эле санда бул жаатта иштей турган топту машыктырмакчы. "Бул тез эле болушу мүмкүн, ал жакта совет убагынан берки жакшы жабдылган танк заводдору бар", — деп түшүндүрдү ал.
Ошол эле учурда Politico басылмасы өз рыногунан өзү сүрүлүп чыгып калуудан чочулаган Европа биримдигинин аскер-өнөр жай комплекси Украинанын тез арада жеңишине үмүт артат. Өндүрүштүн өскөнү менен Европа биримдигинде узакка созулган жаңжалды колдоого кубаттуулугу жок.
"Кандай жаңжал болбосун, курал-жарак мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү эмеспи", — деп белгилейт аскерий эксперт Алексей Леонков. Анын айтымында, "Ок өткөрбөс танк болбойт. Батыштын жарнамалары гана керемет бир куралдарды даңазалап жаткан. Бирок россиялык атайын аскердик операция баарын өз ордуна коюп койду".
Талкаланган "Леопарддар" — Rheinmetall акцияларынын арзандап кетишине кыйла дурус эле себеп. Ошол эле учурда мындай жагдай америкалык компанияларга да майдай жагат, себеби алар азыр концернди бүтүндөй же жарымын сатып алууга оңтойлуу шарт. АКШ европалык өндүрүшчүлөр океан ар жагына жер которуп келиши үчүн азыр өздөрүнүн өнөр жай аянтчаларын жарнамалап жаткан чак.
Кезегинде түштүк кореялык "Кара кабыланга" да шек менен караган оң экенин кошумчалайт эксперт. "Танк электроникага жык. Бул согуш талаасында артыкчылык берет деген пикир бар. Бирок башка бир учурду белгилеген оң: машина кармаштарга катышып көрө элек. Полигондо го бөлөк жагдай бар, ал эми реалдуу салгылашта — таптакыр башка шарттар", — дейт Леонков.
КМШ өлкөлөр институтунун башчысы, аскерий эксперт Владимир Евсеев батыш аскер-өнөр жай комплексинин аброюнун төмөндөшү – олуттуу маселе.
"Биринчи кезекте бул европалык, тагыраагы, немец курал өндүрүшчүлөрүнө тиешелүү. "Леопарддарды" сатып алуу таптакыр токтоп калышы ыктымал. Алар согуш талаасында көп өрттөлүп, буга баары күбө болбодубу", — дейт талдоочу.
Мындай кырдаалда АКШ европалыктарга өз куралын таңуулоого да мүмкүнчүлүк пайда болорун боолголойт Евсеев. Талкаланган "Леопард", "Челленжерден" улам коргоо ишканалары чыгаша болору ырас, ал эми Вашингтон союздаштарына өз "Абрамстарын" сатуудан артка тартпайт. Ошентип, мында деле пайда табуучулардын ана башында америкалык аскер-өнөр жай комплексинин болору бышык.