Россиянын ТИМ башчысынын орун басары Бишкекке келип, Кулубаев кабыл алды

Тараптар кыргыз-орус мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан ары кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковду кабыл алды. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Маалыматка караганда, Рябков Кыргызстанга "Өзөктүк курал жайылтпоо" аттуу аймактык семинарга катышуу үчүн келди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу аянтчаларда кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле алдыдагы тышкы саясий иш-чаралар тууралуу пикир алмашты.
Маектештер Кыргызстан-Россия мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан ары кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
ТИМ башчысы: Кыргызстан ЖККУ алкагында пайдалуу кызматташууга кызыкдар