Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Шыкмаматовду бул кызматка аталган компаниянын директорлор кеңеши дайындады.
Шыкмаматов 2023-жылдын январь айында "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалган. 54 жаштагы Шыкмаматов Мамкаттоо кызматынын төрагасы, юстиция министри кызматтарын аркалап, ЖК депутаты да болгон.
Кыргызстан Сауд фондунан үй салууга 100 млн. доллар кредит алат