Быйыл Кыргызстанда электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат

Аткаминер бул кышта электр кубаты үзгүлтүксүз берилерин кабарлады.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Анын айтымында, электр кубатын маал-маалы менен өчүрүү болбойт.
"Быйыл суу аз болду. Ошондуктан электр энергиясы менен жылытууга толугу менен тыюу салынат. Бирок ар бир үй, ар бир керектөөчү өзүнө тиешелүү көлөмдү колдоно алат. Бул болжол менен 5 киловатты түзөт. Электр энергиясы менен тынымсыз камсыздайбыз, өчүрүүлөр болбойт. Бирок ошол эле учурда аны үнөмдүү пайдаланыш керек. Албетте, муздаткыч, телевизор, тамак бышырган плиталар иштейт, ал эми жылытууга күчүбүз жетпейт", — деди министрдин орун басары.
Байгазиев газ менен жылытууга өтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.
Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн жагууга чектөө кирди