Жан багуу туризминен көтөрүлүшүбүз керек. Максат Чакиев өнүгүү жолу тууралуу

Жайкы туризм дээрлик аяктап калды. Анын жыйынтыгына нааразы болгондор да бар. Экология коркунучта, концепцияларды өзгөртүү керек дешет.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто туризм боюнча серепчи Максат Чакиев болду. Биз туризмдин жыйынтыгы жана тармакта эмнени өзгөртүү керектиги тууралуу сүйлөштүк.
— Максат мырза, туризм боюнча концепцияларды өзгөртүү керектигин айтып келесиз. Быйылкы жайкы туризмден кандай натыйжа ала алдык?
— "Жакшы" деп айтууга ашыкпайм. Мындан 15-20 жыл мурун, туризм тармагынын стартап кезинде, миллиондогон турист келсе сүйүнчүбүз. Быйыл эгемендүүлүк алганыбызга 32 жыл болду, бирок дагы деле ошол позицияда турабыз. Бизге 4-5 миллион туристтин кереги жок. Себеби 30 жылдан бери сапаты начар, чөнтөгү жука туристтерди тарттык. Азыр Кыргызстанга кедей туристтер гана келет. Алар бизге аз акча калтырышат. Байлар Европага, Түркияга, Кореяга кетет. Ал эми ички туристтер бир жума эс алып, ашып кетсе 15-20 миң сом калтырабыз. Бирок ошончо адамдын экологияга тийгизген терс таасири эки эсе көп. Анткени күн ысык, суу да тартыш болду. Баасы кымбатыраак, өтө жогорку деңгээлде кызмат көрсөткөн 4-5 эле пансионатыбыз бар. Аларга туристтер аз келет. Ал эми арзан пансионаттарда миллиондогон эс алуучу жүрдү. Анын баары дааратканага барат. Бирок көл жээгинде бир эски даараткана болушу мүмкүн, болбосо жок. Карасаң, анда деле кезек күткөндөр көрүнбөйт. Анан ошончо киши кайда заара ушатып жатат? Баары эле көлдү булгап жатпайбы. Ысык-Көлгө келгендерди чектеш керек. Мисалы, Түркия Антальяны бюджети чакан эс алуучулар үчүн курду. Ал эми элиталык туристтер үчүн Бодрум шаары бар. Бодрумда кымбат мейманканалар, таза газондор, тынч эс алууга бардык шарттар түзүлгөн. Биздин Ысык-Көлүбүзгө да ушундай мамиле жасоого убакыт келди. Беш миллион туристтин эмес, беш миллионердин артынан түшүшүбүз керек. Мындан беш эсе утабыз. Ошол себептен стратегияны өзгөртүү кажет.
Туризм боюнча серепчи Максат Чакиев
— Карапайым көлдүктөр кичинекей бөлмөсүн бере коюп, кышкыга каражат топтоп жан багышууда. Алар сервисти кантип түзөт?
— Ооба, биздин көлдөгү туризм — бул жан багуу туризми. Өзбектер Самарканд, Букара турларын ачып, өнүгүү туризмине кадам койду. Аларда инфраструктураны, экономиканы өнүктүрүү туризми иштеп баштады. Бай туристтер келгендиктен укмуш комплекстер курулууда. Биздин Ысык-Көлдө 32 жылдан бери үч жылдыздуу мейманкана да курула элек. Себеби бизде эптемей, жан багуу туризми жашайт. Көз карашыбызды оңдосок, амбиция пайда болот. Адам ошонун артынан аракет кыла баштайт. Бизнес-план түзөт. Эми дагы 32 жыл ушинтип жан багып жүрө берсек көлүбүздү да жоготобуз. Кыргыздар көз карашты өзгөртүшүбүз кажет. Туризм десе эле Ысык-Көл менен эле тоолорду түшүнөбүз. Айыл өкмөттөн маалым кат ала коюп эле капчыгайларга кебетеси келишкен беш-алты боз үй тигебиз да, айланасын таштандыга толтуруп, миң сомго ижарага берип отура беребиз. Эч кандай сервис жок, менюсунда куурдак менен манты. Аны Европадан келген турист жей албайт. Алар жалаң деңиз азыктарын жешет. Мунун бирин көрбөйбүз. Жакшыраак даараткана менен септик тууралуу сөз жок. Капчыгайлар менен тоолорду ушинтип өзүбүз талкалап жатабыз. Мындайга тыюу салуу керек. Бүгүн туризмде революция кылбасак, анда эртең экологияга кылабыз. Табиятты талкалап алсак, ордуна келтире албайбыз.
Негизинен туризмди түштүк тарапка буруу кажет. Мисалы, Ош, Жалал-Абад, Баткендин потенциалы Ысык-Көлдүкүнөн алда канча күчтүү. Анткени сезонго байланбайт. Улуу Жибек Жолуна байланышкан тарыхы бар, соода-сатыгы, ашканасы жакшы, кышы жумшак. Алмаз Мамбетов мэр болуп турганда Оштун туризмин өнүктүрүүгө кадам жасап кетти. Эми муз ордунан жылып, бир катар жакшы иштер жасалууда.
Экинчиден, стратегиябызды шаарларга буруу керек. Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр, Кара-Балта, Токмок, Токтогул шаарынын бири да туризм катары колдонулбайт. Мунун баары өлүү шаарга айланган. Ар биринин өзүнүн керемети, өзгөчөлүгү бар. Таш-Көмүр менен Майлы-Суу шаарлары советтик архитектураны сактап калгандыктан тур уюштурсак болот. Чет өлкө үчүн бул кызык жана алар буга акча төлөөгө даяр. Ал эми Таласты Манаска байланыштырып, идеологиялык туризмди өнүктүрсөк. Азыр чакан шаарларыбыз депрессияда жатат. Балыкчы шамалдын шаары. Ал жерде ар кандай батперек, аба жыландарын учурган фестиваль, шоу уюштурууга болот. Болгону иштеш керек. Биздин мэрлер дотацияны күтүп коюп отурушат. Туризм десе эле Нарындын, Чүйдүн тоолорун тебелеп, акыр-чикирге толтуруп бүттүк.
Катардын шейхи кыргыз маданиятына кызыгып кетти. Маек
— Ысык-Көлдү кымбаттатсак, Түркияга же башка жактарга бара албаган ички туристтер кайда эс алышыбыз керек?
— Криминал, мушташ, акыр-чикирди айтпаганда эле өзүбүз деле Көлдү аяган жокпуз. Алгач бөлүштүрүү керек. Мисалы, Чолпон-Ата, Бостериге чейин ички туризмге калтырсак, андан ары сервисти мыктылап, элитардык туристтердин эс алуусуна шарт түзүү керек. Бизнес–планы даяр, акчасы бар, үч-төрт жылдыздуу отель кура ала турган кыргызстандыктарга 49 жылга жерлерди ижарага берели, салыктан бошотолу. Башкы максат — сервисти көтөрүп, Кыргызстандын туризмдеги имиджин жакшыртуу. Антальяны ушундай жол менен өнүктүрүшкөн. Ар бир бизнес-пландын өзүнүн критерийлери болот. Ал ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берет. Ушундай шарт менен беш жылдыздуу отелдерди курууга дилгир жарандарыбыз четинен чыгат. Турист катары келген миллионерге мыкты шарт түзүп, көңүлүн тапсаң, алар өлкөнү жактырып дароо инвесторго айланат. Малайзия ошондой жолду колдонгон.
— Массалык туризмден элитардык туризмге өткөндөн кийинки кадам кандай болушу керек?
— Шарттарды түзгөндөн кийин маркетингди жөнгө салуу кажет. Буга чейин стандарттуу жарнамаларды гана жасап келгенбиз. Дүйнөлүк масштабда жарнамага эс алуучу жерди гана эмес, андагы беш жылдыздуу отелдерин, мыкты шарттарын, сервисин кошо чыгарат. Келе жаткан турист акчасын ошого жараша эсептеп алып келет. Өзбектер муну түшүндү. Мурда Өзбекстанга бара турган турист 1000 доллар алса, азыр кошумча дагы миң доллар ала бара турган болгон. Биз көлүбүз керемет дегенибиз менен аны ит бекер баалап, ар ким келип булгап кеткенге жол берип жатабыз. Өзбекстан туризмден жалына жалпы 30 миллиард доллардын тегерегинде таба баштады. Бизчи? Ошол себептен бренд технологияларын киргизишибиз керек. Бул жагынан өкмөткө кол сунуп, жардам берүүгө даяр экенибизди билдирип жатабыз. Бирок азыр мамлекеттик деңгээлде андай технология жок.
— Эми миллионерлерди имарат менен таң калтыра албайбыз. Ал үчүн тарых, баян, улуттук маданият керек. Мисалы, Африкага барып саванналарды көрүшөт. Биз көл, тообуздан башка дагы эмнелерге кызыктыра алабыз?
Максат Чакиев: Шарттарды түзгөндөн кийин маркетингди жөнгө салуу кажет. Буга чейин стандарттуу жарнамаларды гана жасап келгенбиз. Дүйнөлүк масштабда жарнамага эс алуучу жерди гана эмес, андагы беш жылдыздуу отелдерин, мыкты шарттарын, сервисин кошо чыгарат. Келе жаткан турист акчасын ошого жараша эсептеп алып келет
— Ооба, адам таң калууга жана унутулгус көрүнүшкө күбө болууга келет. Ар бир сервисте ушундай элементтер камтылышы зарыл. Мисалы, турда тарыхый инсандар, легендалар, эпостор жана аларга байланышкан окуялар камтылышы зарыл. Экинчиден, тамак-ашыбыздын даярдалышын көрсөтсөк да болот. Мындан тышкары, биздеги жан-жаныбарлар. Европалыктар уйду да көргөн эмес. Мал базарыбыз да кызык. Андагы элдин соодалашуусу, бул алар үчүн шоу. Туристтерге биздин күнүмдүк жашообуз башкача форматтагы жашоо образы катары көрүнөт. Ошондой эле кымыз, шырдак, малина жана башка фестивалдарды өткөрүү керек. Мисалы, арабдар менен түрктөр "жалкоо туристтерге" кирет. Алар комфортто жайлоого барып жаратылышты көрүп, кальянын чегип, жолтандабасы менен отелине келип, бассейнге түшүп эс алганды жактырат. Буларды беш жылдыздуу отелдер, мыкты сервис тартат. Ал эми европалыктарга шоу керек. Ар бир туристтин суроо-талабы бар. Тоо-ташты тебелеген беш миллион туристтин кереги жок. Бизге бай миллион турист жетет. Алар 2-3 миллиард калтырса эле жетиштүү.
— Айрымдар сервистерин жылдан-жылга жакшыртып жатканын көрөсүң. Эволюциялык жол менен өнүксөкчү?
— 30 жылдан бери эволюциялык жол менен кыбырап эле келе жатабыз. Ансыз деле ушуга чейин мамлекет турист тейлөөдө эч кандай талап койбой эркиндикти берди. Лицензия деле албайт. Анын натыйжасында быйыл Ысык-Көлдөгү абалга баарыбыз нааразы болдук. Мамлекет туризм менен иштегендерге талап коюп, шарт түзүшү керек. Туризмге салык киргизүү зарыл. Көбүндө дааратканасы да талапка жооп бербейт. Капчыгайдагы көп боз үйлөргө токтогондон коркосуң. Жок дегенде боз үйлөрүн жаңыртып, тамак-ашын, тамак куйган идиштерин жакшыртмак. Мамлекет сервисти жакшыртууга түз кийлигишпей, ассоциациялар аркылуу кириши керек. Бийлик болгону шарт түзүп берет. Калганын бирикмелер аткарып коёт. КАТО ассоциациясынын ичиндеги турга туристтер коркпой, ишенимдүү бара алат. Ага кирүүгө ассоциациянын шарты бар. Ушундай атаандаштыкта туризм өзүнөн-өзү өнүгө берет.
Кадыр Сайдилкан: Эверестке чыкканым менен арманым ичимде калды