БРИКС жана ЕАЭБ эмнеси менен айырмаланат? Экономисттин түшүндүрмөсү

Акимова кандай гана саммит болбосун, ал өлкө лидерлери үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк экендигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Августта БРИКС саммити өтүп, ага дагы бир нече өлкөлөр кошулду. Бул иш-чарадан кийин БРИКС, ШКУ жана ЕАЭБдин биргелешкен саммитин Минскиде уюштурууну сунушташты.
Экономист Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстанга БРИКС сындуу уюмдарды мурда бир катар эксперттер дүйнөдөгү ири экономикалык клубдун ана башы катары кабыл алышканын айтып берди.
Экономист Нургүл Акимова
"Акыркы жылдардагы окуялар — кризистер, чатактар, санкциялык оюндар ресурсу көп өлкөнү ордунан козгоп, өзүн башка өңүттө көрсөтүүгө түрттү. Россияга санкциялар болуп көрбөгөндөй салынды. 100дөн ашык мамлекет байлыгын тарттырып жиберүүдөн чочулап, саясатын өзгөрттү. Маселен, америкалык облигациялардын ордуна башка баалуу кагаздарга инвестициялай башташты. Жаңы өлкөлөрдүн БРИКСке кирүүгө умтулуусу — мамлекеттердин лидерлери чыныгы кырдаалдын кандай болуп жатканын көрүп-билип, өз ара кызматташуунун башка жолдорун карап жатканынын далили", — деп түшүндүрдү экономист.
Ал БРИКС жана ЕЭАБ интеграциялык деңгээли боюнча такыр башка уюмдар экенин айтты.
"Евразиялык экономикалык биримдикте кандайдыр бир жалпы эрежелерди кабыл алууга болот. Биринчиден, бизде институттар түзүлгөн. Тагыраагы, нормаларды иштеп чыккан Евразиялык экономикалык комиссия бар. Экинчиден, жоопкерчилик менен лидерликти өзүнө алган флагман мамлекет Россия бар. Ал эми БРИКСте, албетте, андай тарап жок. Менин пикиримде, бул эки уюмдун ортосунда тыгыз байланыштар азырынча анча түзүлө бербейт, себеби алар ар кыл деңгээлде өнүккөн. Бирок биримдиктерге кирген өлкөлөр ортосундагы соода болушу мүмкүн", — деди экономист.
Акимова кандай гана саммит болбосун, өлкө лидерлери жана элита үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, балким, инвесторлорду тартуу жана түз келишимдерди түзүүгө болгон мүмкүнчүлүк экендигин белгиледи. Андыктан Беларуска сунушталган БРИКС — ШКУ — ЕАЭБ форматындагы саммит ишке ашып калса, анын зыяны деле болбойт.
Батыш кимден кол жууду? Америкалык экономист БРИКСтин кулачы тууралуу