Токмокто компьютердик клубда ойноп жаткан өспүрүм көз жумган

Компьютердик клуб. Архивдик сүрөт
Милиция өспүрүм реанимацияда жатканда каза болду десе, Саламаттык сактоо министрлиги ал ооруканага жеткенге чейин эле үзүлгөнүн айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Токмокто 17 жаштагы өспүрүм компьютердик клубда ойноп жатканда көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, 1-сентябрда саат 23:30да 17 жаштагы Т.Б. компьютердик клубда ойноп жаткан.
"Өспүрүм эс-учун жоготуп койгон. Достору аны Чүй райондук ооруканага алып барышкан. Бирок ал реанимацияда үзүлгөн. Факт каттоого алынды. Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүм ооруканага жеткенге чейин эле үзүлгөнүн Sputnik агенттигине билдирди.
"Баланын сөөгү Чүй райондук жалпы дарыгердик практика борборуна алып келинген. Окуяны медиктер милицияга кабарлаган", — деди министрлик.
Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы Козубаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн түндө өрт чыгып, жалын эртең менен өчүрүлгөн
Кара-Сууда түндө чыккан ири өрт эртең менен өчүрүлдү