Ысык-Көлдө кара куурай өскөн жерлерди аныктаган дрондор. Сүрөт

Кыргызстан бул дрондорду БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программасы аркылуу Россиянын каражатына алган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Каракол шаарында пилотсуз учуучу аппараттар жана инновациялык технологиялар боюнча эксперттердин эл аралык кеңешмеси өткөнүн ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Ага БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбор Азия боюнча аймактык өкүлү Ашита Миталл, аталган башкармалыктын программалык кеңсесинин жетекчиси Андрей Селезнев, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Беларустан келген делегация мүчөлөрү катышты.
Ал жерде инновациялык жабдуулардын жана ИИМдин кызматтык техникалык жабдууларынын көргөзмөсү болду. Андан сырткары, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына техникалык жабдуулар берилди.
1 / 5

Каракол шаарында пилотсуз учуучу аппараттар жана инновациялык технологиялар боюнча эксперттердин эл аралык кеңешмеси өткөнүн ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады

2 / 5

Ага БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбор Азия боюнча аймактык өкүлү Ашита Миталл, аталган башкармалыктын программалык кеңсесинин жетекчиси Андрей Селезнев, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Беларустан келген делегация мүчөлөрү катышты

3 / 5

Ал жерде инновациялык жабдуулардын жана ИИМдин кызматтык техникалык жабдууларынын көргөзмөсү болду

4 / 5

Андан сырткары, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына техникалык жабдуулар берилди

5 / 5

Аталган кызматтын башчысы Уланбек Султанов жаңы техникалар мыйзамсыз иштердин бетин ачууга жакшы жардамчы болорун белгилеген

Аталган кызматтын башчысы Уланбек Султанов жаңы техникалар мыйзамсыз иштердин бетин ачууга жакшы жардамчы болорун белгилеген.
"Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу тоолуу аймактарда жапайы кара куурайдын өсүшүнө ыкчам чара көрүүгө, байкоо жүргүзүүгө жана тийиштүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет", — деген ал.
Делегациялар жер-жерлерде дрон жана инновациялык технологияларды практикада колдонуу менен таанышкан.
Иш-чаранын алкагында Өзбекстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча улуттук маалыматтык-аналитикалык борбордун директору Олим Нарзуллаев башында турган Өзбекстандын делегациясы менен эки тараптуу жолугушуу болду.
Эске салсак, Кыргызстан бул дрондорду БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программасы аркылуу Россиянын каражатына алган.
Буга чейин да Ысык-Көлдө Россия берген пилотсуз учуучу аппараттардын жардамы менен кара куурай өскөн жерлерин аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүлгөн.
2018-2023-жылдары Россия тарап КР ИИМинин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ишин илгерилетүү үчүн жалпы жонунан 1,45 миллион доллар бөлгөн.
Милиция Бишкекте баңгизат саткан шектүүнү дрон менен аңдып кармады. Видео