БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Ноокен районунда 15 жаштагы өспүрүм ок жеп каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБ билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, окуя 25инен 26-августка караган түнү болгон. 42 жаштагы С.Б. аттуу жергиликтүү тургун аңчылык мылтыгы менен топтолуп турган өспүрүмдөрдү көздөй ок чыгарган.
"Ок 15 жаштагы баланын башына тийген. Ал ооруканадан үзүлгөн. "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголду. Шектүү камакка алынды", — деди милиция.