БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. 2024-жылдын экинчи жарымында мунай рыногундагы абал көмүскөдөгү өлкөлөрдөн көз каранды. Бул тууралуу Россиянын Энергетика жана финансы институтунун энергетикалык багыт боюнча директору Алексей Громов РИА Новости агенттигине курган маегинде билдирди.
Эксперт көмүскөдөгү өлкөлөр деп ушу тапта нефть казуунун келечеги үчүн инвестиция салып, жакын арада экспортко чыгара турган мамлекеттерди атаган.
"Мындан аркысы биз азырынча көңүлгө албаган бир фактордон көз каранды — бул мунай келечегин көрө билип, акча салып, продукциясын экспортко даярдап жаткан мамлекеттер", — деген Громов.
Серепчи ушу кезде Гайанада нефть боюнча геологиялык чалгындоо иштери активдүү жүрүп жатканына, Бразилияда суу алдындагы бургулоочу комплекстердин көп салынып жатканына токтолду. Бул жаатта ири потенциалга Чыгыш Африка өлкөлөрү да ээ экени айтылды.
"Албетте, булар экспортту 2024-жылы эле баштап жибербейт, бирок 2025-2026-жылдары мунайынын биринчи партиясын рынокко чыгара башташы толук мүмкүн", — деди Громов.
"Рынокто жаңы оюнчулардын пайда болушу нефть казуунун көлөмүн азайтууга багыт алган ОПЕК+ уюмунун абалын начарлатып жибербейби?" деген суроого эксперт аталган мамлекеттер ири өлкөлөрдүн продукциясына тең келе албай турганын айтып жооп берди.
"Гайананын же Бразилиянын кошумча көлөмү рынокко таасир тийгизгени менен анын багытын аныктай албайт", — деди серепчи.
Громовдун айтымында, рынокко жаңы оюнчулардан тышкары Россияга карата салынган санкциялардын күчөтүлүшү, чектөөлөр киргизилген Иран менен Венесуэла боюнча кырдаалдын өзгөрүшү да таасир тийгизиши мүмкүн экенин кошумчалады.