Жол инспекторунан акча алып... Кыргызстанда блогер аял кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом пара алган деген шек менен блогер аял кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматта аял инспекторду Сокулуктагы мейманканалардын биринин алдында токтоп турган кызматтык автоунаанын видеосун жарыялайм деп коркутканы айтылат.
Шектүү аталган сумманы алып жатканда колго түшүрүлгөн.
Блогер Эртай Искаков эки айга камакка алынды