БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Уйкусуздук эс тутумду начарлатып, акыл-эс жөндөмүн төмөндөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik радиосуна сомнолог Михаил Полуэктов айтып берди.
Адистин түшүндүрмөсүнө ылайык, уйкусуздук көбүнчө башка оорулардан келип чыккан жыйынтык болот. Ал адамдын когнитивдик жөндөмүн кыйла начарлатып жиберет.
"Эгерде адам ондогон жылдар бою тынымсыз катаал режимде иштесе анын нерв системасы бузулушу мүмкүн. Бул абал уйкуга таасир берет. Ошондуктан 40 жаштан өткөн кишилерде уйкусуздук көп кездеше баштайт. Адамда себепсиз уйкусуздук чанда эле болот. Көп учурда ал тынчсыздануу, депрессия менен байланыштуу. Анын кесепетинен кишинин башы ооруп, акыл-эс жөндөмү төмөндөйт", — деди Полуэктов.
Дарыгер бул көйгөйдү чечүү үчүн адам негизги оорусун дарылоосу керектигин белгиледи.
"Эгерде адамда уйкусуздук психикалык абалдан улам жаралган болсо, анда депрессияны, тынчсызданууну жөнгө салуу кажет. Демейде мындай бейтаптар келгенде психиатр менен биргеликте иш алып барабыз. Учурда уйкусуздукту дарылоонун заманбап жана натыйжалуу ыкмасы – когнитивдик жүрүм-турум терапиясы. Бул терапия адамга уйкуну башкарууну үйрөтөт. Мындай дарылануудан өтүүгө шарты болбосо уйку келтирген дарылар жазылат", – деп түшүндүрдү сомнолог.
Андан тышкары, ал адамдын уйкусу жашы өткөн сайын мурдагыдай катуу болбой турганын эскертти. Мындан улам айрым учурда уйку жетишсиз болуп жаткандай сезимдер жаралышы мүмкүн экендигин белгилеген.