Кол салган кабыланды талоонго алган маймылдар. Видео

Маймылдардын тобу жүргөн жерге көзү күйүп, курсак тойгузуу үчүн бара калган кабылан өзү аларга жем болуп кала жаздады.
Sputnik
Видео Түштүк Африкадагы Крюгер улуттук паркында тартылган.
Алгач ач кабыландын жолду бойлой "олжо" издеп баратканын көрүүгө болот. Бул маалда 50 чакты маймыл жолдо жүргөн эле. Күтүлбөгөн жерден кабылан алардын бирине кол салган. Бирок жырткыч бул чечимине өкүнө тургандай жооп алды.
Топ маймыл кабыланга чуркап келип тиштегилеп, тырмактары менен тытмалап үйүрүндөгү маймылды аман алып калышты. Ал эле эмес, кайра жырткычка тап берип көпкө чейин артынан кууп барышкан. Кабылан ынтымактуу маймылдардын тобунан бадалдарды аралай качып араң кутулганын көрүүгө болот.
Тема боюнча:
Хамелеон менен жыландын кармашы. Кайдыгер калтырбаган видео