Батыш кимден кол жууду? Америкалык экономист БРИКСтин кулачы тууралуу

БРИКСке Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирет. Өткөн жумада Йоханнесбургда уюмдун саммити өтүп, анын жыйынтыгы менен альянска кошулууга алты мамлекет чакыруу алган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Дүйнөдөгү мамлекеттердин басымдуу бөлүгү Москва менен кызматташуусун улантып же нейтралитетти сактап калды. Мындан улам Россиянын экономикасы жабыркабай, рубль өз милдетин кадимкисиндей аткарып жатат. Бул тууралуу америкалык экономист Ричард Вольф Dialogue Works YouTube каналына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, финансылык колдоого муктаж өлкөлөр эми БРИКСке кайрыла алат, аталган уюм байлыгы жагынан Батыштан кем калбайт. Мындан тышкары, жылдан-жылга таасири артып барат.
"Буга чейин жардам сурап Вашингтонго гана кайрылуу жолу бар болчу, эми абал өзгөрүүдө", — деген серепчи.
Кытайдын Түркиядагы элчиси Лю Шаобин АКШнын дүйнөгө үстөмдүгүн шарттап турган доллардан баш тартуу тенденциясы улам күчөп жатканын эскерткен.
Белгилей кетсек, БРИКСке Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирет. Өткөн жумада Йоханнесбургда уюмдун саммити өтүп, анын жыйынтыгы менен альянска Аргентина, Египет, Иран, Эфиопия, БАЭ жана Сауд Арабиясын чакыруу чечими кабыл алынган.
Эски дүйнөнүн трагедиясы: БРИКС эки эсе кеңейүүдө