Радио

Тагаев: жаңы мыйзам боюнча жаштар саясаты мектептерде да жүргүзүлөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жаңы мыйзам боюнча 14 жаштагыларды жаштар категориясына киргизүүнүн негизги максатын айтты.
Sputnik
Жаштар боюнча мыйзамдын жаңы редакциясы сунушталып жатканда айрым депутаттар жаш куракты 14 эмес, 16 жаш деп белгилөөнү карап чыгууну айтышты. Бул тууралуу Марат Тагаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, министрлик жаштар саясатын жүргүзүүнү мектептерден баштайт.
"Жаштар боюнча мыйзамдын жаңы редакциясында жаштар категориясын 28 жаштан 35 жашка жылдыруу коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Мунун максаты биздин кыргызстандык жаштардын түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануусуна жол ачуу болду. Анткени мыйзамдын мурдагы редакциясында жаш деп 28 жашка чейинкилер гана белгиленип калгандыктан, андан өйдө курактагылар жаштарга багытталган ар кандай иш-чараларга катыша албай калышчу. Өзгөчө ишкерликте, эл аралык долбоорлорго катышууда 28 жаштагы адамдын тажрыйбасы жана башка мүмкүнчүлүктөрү аз болуп каларын иш жүзүндө көрдүк. Ал эми жаштар категориясынын башталышын 16-18 жашка көтөрүү сунуштары да болду. Бирок анда биз саясат жүргүзүүдө мектептерди камтый албай калат экенбиз. Андыктан 14 жаш боюнча калтырдык. Эми республиканын бардык мектептеринде 14 жаштан жогорку окуучулар үчүн да жаштар саясатына багытталган түрдүү программалар иштелип чыгат", — деди Тагаев.
Ал жаштар экономиканын негизги кыймылдаткычы болорун, андыктан жаштар саясатын жүргүзүүгө олуттуу көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.