Бишкекте биринчи класска 20 миң окуучу барды. Линейкадан тартылган сүрөттөр

Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте 20 миңден ашык бала биринчи класска барды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Өлкөнүн бардык мектептеринде Билим күнүнө карата салтанаттуу линейка уюштурулду.
1 / 2

Бүгүн Бишкекте 20 миңден ашык бала биринчи класска барды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди

2 / 2

Өлкөнүн бардык мектептеринде Билим күнүнө карата салтанаттуу линейка уюштурулду

Борбордун билим берүү системасы 103 мектеп, 95 бала бакча жана мектептен тышкаркы 6 уюмдан турат.
Мэрия билдиргендей, жыл сайын окуучулардын саны орто эсеп боюнча 8 589 балага көбөйүп жатат. Бул төрөлгөндөрдүн өсүшүнө жана ички миграцияга байланыштуу.
Радио
Тагаев: жаңы мыйзам боюнча жаштар саясаты мектептерде да жүргүзүлөт