БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош шаарында жана Ош облусунда өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө арналган кайсы майрамдык иш-чараларга катышары белгилүү болду.
Маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, алгач мамлекет башчысынын катышуусунда мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү аземи болот. Андан кийин Кыргыз эл баатыры Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өтөт.
Мындан тышкары "Төлөйкөн" ипподромунда ат оюндары, ошондой эле башка маданий иш-чаралар уюштурулат.
Кечинде президент Эгемендүүлүк күнүнө жана Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган гала-концертке барат.
Иш-чаралар УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.