Афганстан 31-августту АКШны жеңген күн катары белгилейт. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Афганстанда 2021-жылдын 31-августун АКШны жеңген күн катары белгилешет. Бул тууралуу баяндаган видеону Sputnik Ближнее зарубежье таратты.
20 жылдык согуштан кийин Афганстанды таштап Кабулдун аба майданынан америкалык акыркы жоокер чыгып кеткен. Ал 82-аба десанттык дивизиянын командири, генерал-майор Кристофер Донахью болгон. “Эвакуация” деп аталган америкалык армиянын качышы бир айга созулган. НАТОнун аскерлери менен кошо Батышка иштеп жүргөн миңдеген афганстандыктар чыгып кетүүгө аракет кылган. Учактын ичине кире албай калгандар кандай жол менен гана болбосун кетүү камын көрүштү. Дүйнөгө С-17 учагынан кулаган афгандыктар тартылган үрөй учурган видео тарап кетти. Америка менен алардын союздаштарынын келиши миңдеген афгандыктардын өмүрүн кыйды. Кабулдун жашоочулары АКШны жеңгендигин аэропортто фейерверк менен белгилешти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Украинадан афган сценарийи менен "кутулгусу" бар. Ой толгоо