Күздүн акыркы айларында Улуттук консерваториянын 30 жылдыгы белгиленет. Ага дүйнөнүн атактуу композитор, музыканттары келет. Бул тууралуу Муратбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жогорку музыкалык окуу жай 30 жылда миңдеген адис даярдап, күчтүү педагогдорду чыгарды.
"Быйыл Кыргыз улуттук консерваториянын 30 жылдыгы белгиленет. Мааракени ушул күздө өткөрүү мерчемделип жатат. Иш-чараны өзгөчө программа менен уюштуруп, окуу жайдын бардык бүтүрүүчүлөрүн, дүйнөнүн атактуу композитор, музыкант, аткаруучуларын чакырабыз. Эгемендүүлүктү алган жылдардан берки учурда окуу жай көп кыйынчылыкты кечирди. Убагында маданиятка жакшы көңүл бурулбай, мыкты адистер чет жерге кетишти. Ага карабастан консерватория мыкты музыкалык адистерди, окутуучуларды тарбиялаган чоң өнөрканага айланды", — деди Бегалиев.
Ошондой эле адис улуттук консерваториянын дүйнөнүн булуң-бурчунда иштеп, кыргыз музыкасын таанытып, тажрыйба топтоп жүргөн бүтүрүүчүлөрү көп экендигин кошумчалады.