Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Майлы-Сууда чакан ГЭС куруу демилгесин колдойт

Заводду модернизациялоого министрлер кабинети бир миллиард сом бөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Майлы-Сууда чакан ГЭС куруу демилгесин колдоону пландап жатат. Бул тууралуу аталган фонддун директору Артем Новиков билдирди.
ГЭС салуу Майлы-Суу лампа заводун жаңылоонун экинчи этабы болот. Анын кубаттуулугу 26 мегаватт, долбоордун наркы 35 миллион доллар экени айтылды.
"ГЭС заводдун өзүн эле электр кубаты менен камсыз кылбастан, жалпы Майлы-Суу аймагына электр энергиясын үзгүлтүксүз бермекчи. Мындан сырткары, шаар ичүүчү суу менен камсыздалат", — деди Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков.
Аталган заводду модернизациялоого министрлер кабинети баш-аягы бир миллиард сом бөлгөн. Заманбап жабдууларды жеткирүү боюнча чет элдик фирмалар менен келишимдер түзүлгөн.
"Биздин ассортимент улам көбөйүп жатат. Светодиод продукцияларын жыйноо боюнча автоматтуу болдук. Ал кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөөгө жана бул товарлар менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет", — деди Майлы-Суу лампа заводунун директору Виктор Ляховец.
Жыргалаң көмүр кени кайрадан иштей баштады. РКӨФ ага 1,7 млн. доллар бөлдү