Дарыгер көп ооруга шыпаа болчу дары чөптөрдү тизмектеди

Дарыгер чөптөн демделген чайларды бардык адамдар ичсе болбой турганын да эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Дарыгер Екатерина Волкова кан басымды төмөндөтүп, жүрөк ооруларын алдын алууга жардам берген чөп-чайларды РИА Новостиге айтып берди.
Адис белгилегендей, жалбыз менен мелисса кошулган суусундук жогоруда айтылгандай дарылык касиетке ээ. Алар адамды тынчтандырып, сезгенүүгө каршы күрөшүп, ич көбүүнү алдын алат.
"Жалбыз же мелисса кошулган бир чыны чайды ичүү менен тынч уктаса болот. Болгону ага кумшекер кошпош керек", — дейт Волкова.
Дарыгер артериялык кан басымдан жабыркагандарга липа өсүмдүгүнүн гүлүнөн демделген чайды ичүүнү сунуштайт. Бул да сезгенүүгө каршы, организмдеги суюктукту чыгаруучу суусундук болуп саналат. Мындан тышкары, тамактагы какырыктын чыгышына жардам берет.
Адам организмине пайдалуу дагы бир чөп – ромашкадан демделген чай. Ал ичеги-карын ооруларында, гастрит жана ичегинин сезгенүүсүндө көп колдонулат.
"Ромашкадан демделген чайды ооз көңдөйүндөгү жараларды кетирүү үчүн, фарингитке каршы колдонушат. Тери ооруларында да сүйкөшөт. Кулпунайдын жалбырактарынан демделген чай жүрөктүн иштешин жакшыртып, кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтөт, органдардын сезгенүүсүнө каршы туруп, ашыкча суюктуктун чыгышын жөндөйт", — деп белгиледи Волкова.
Дарыгер чөптөн демделген чайларды бардык адамдар ичсе болбой турганына токтолду. Ашказан, бөйрөк, боорунда олуттуу көйгөйү барлар жана аллергиясы бар адамдар абайлашы керек. Мындан тышкары, кош бойлуулар да чөп чайларды ичүүдө кылдат болгону оң.
Диетолог жаштыкты сактоо үчүн бир нече азыктан баш тартууну сунуштады