Акыркы жети жылда Украина учак жасабай калган. Инфографика

Эми Украинанын авиаөнөр жайынын "келечектүү долбоорлору" — "меморандумдар, мындан аркы сүйлөшүүлөр жана ниеттер жөнүндө макулдашуулар" болуп калды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Акыркы жети жылда Украина учак чыгарбагандыгын авиазаводдор берген маалыматтардан улам боолголосо болот.
Эгемендүүлүк Украинадагы авиаөнөр жайга пайда берген жок. Россиядан бөлүнүү украиналык авиакурулуш тармагын сазга батырды.
...Башында абал жаман эмес болчу. Советтер Союзунан украиналыктарга Ан-124 "Руслан", Ан-225 "Мрия" сыяктуу жүргүнчү жана транспорт учактарын чыгарган ишканалардын тармактары калган.
Негизги өнөктөш жана продукция өткөргөн рынок Россия болгон. Ал мамлекеттик түзүмдөр жана авиакомпаниялар үчүн аба кемелерин жана башка продукцияларды алып турган. Бирок Украина өзүнө-өзү көйгөй жаратып алды. 2014-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн соң Киев россиялык ишканалар менен алаканы үзүү чечимин кабыл алган. Компоненттердин жана РФтин буюртмаларынын жетишсиздиги Ан-140, Ан-148, Ан-158 учактарын жана Украинанын авиация өнөр жайынын башка продукцияларын өндүрүүсүн кан буугандай токтотот.
Ким күнөөлүү? Киев Москваны атайт. 2016-жылы "Антонов" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Коцюба Россия менен болгон кооперация "Украинага Канада менен кызматташууга жол берген эмес" деген. "Антоновдун" экс-авиаконструктору Анатолий Вовнянко тамашалагандай, эми Украинанын авиаөнөр жайынын "келечектүү долбоорлору" — "меморандумдар, мындан аркы сүйлөшүүлөр жана ниеттер жөнүндө макулдашуулар" болуп калды.
Жаңыланган, күчтөнгөн МиГ-31БМ. Мүнөздөмө