Түндүк — Түштүк жолундагы эң чоң тоннелди казуу иштери аяктады

Долбоор 136 миллион долларга бааланган, 2024-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативдик жолундагы узундугу төрт чакырымга чукулдаган эң чоң Көк-Арт тоннели казылып бүттү. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, учурда ал жерде бекемдөө иштери уланууда.
Тоннель Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк — Түштүк альтернативалык унаа жолунун 334-338-чакырымдарындагы Казарман — Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан.
Тоннелдин узундугу 3 890 метр, туурасы 10 метр (негизги жол 8,5 метр жана эки тарабында 0,75 метрден кызматтык тротуарлар каралган), бийиктиги 8,5 метрди түзөт.
Объект даяр болгондон кийин каршы келе жаткан эки оор жүк ташуучу унаанын тыгын жаратуу кооптуулугу жок, эркин өтө алат.
Долбоор 136 миллион долларга бааланган, тоннелди 2024-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалып жатат.
Бишкек — Ош жолунда кар көчкүдөн коргоочу 460 метрлик тоннель курулду. Сүрөт