БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн айланасындагы мамлекеттик же мамлекеттик мекемелерге таандык болгон абалы начар 15 пансионат 49 жылга ижарага берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирип, эс алуу жайларынын сүрөт, видеолорун жарыялаган.
Өлкө башчынын айтымында, бул пансионаттар илгертен бери кароосуз калган же жакшы каралбай келет.
"Ушул пансионаттарды 49 жылга ижарага беребиз. "Инвестиция салам, мен алам" деген ата мекендик байларыбызды, чет өлкөлүк инвесторлорду чакырам. Келиңиздер, алыңыздар. 3, 4, 5 жылдыздуу мейманканаларды салып иштетиңиздер. Албетте, салган инвестициянарды кыска убакытта кайра чыгарып аласыңар дегенден алысмын. Бирок 49 жылда 3-4 эсе актайт деп ишенем", — деген президент.
Жапаров эс алуу жайларына мамлекет эмне үчүн акча салбай турганын да түшүндүрдү.
"Эмнеге мамлекеттин акчасын салып оңдоп койбойсуңар" дегендерди угуп жүрөм. Кудайга шүгүр, мамлекетте акчабыз жок эмес, бар. Эмне деген иштерди жасап жатканыбызга күбө болуп жатасыңар. Мамлекеттин акчасын узак мөөнөттө актай турган бизнеске салуу максатсыз. Баарын эсептеп чыктык. Ошондуктан салбайбыз", — деди өлкө башчы.
Президент муну менен катар инвесторлор үчүн негизги шарттарды да атады. Анын айтымында, пансионаттарды алган соң ишти создуктурбай дароо инвестиция салып баштоо керек. Бул жерлерге үч жылдыздан жогорку деңгээлдеги мейманканалардын, коттедждердин салынышы талапка ылайык. Мындан тышкары, субарендага да уруксат жок.
Өлкө башчы калган маалыматты Мамлекеттик мүлк фондунан алууга болорун кошумчалаган.