Кыргыз-казак чек арасындагы абал турукташып, кезек жоюлду

Өткөн жумадан бери казак-кыргыз чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы абал турукташып, кезек күткөн фуралар байкалган жок. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Эске салсак, өткөн жумадан бери казак-кыргыз чек арасында жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралган. Казак тарап муну баңгизатка каршы текшерүүлөр жүрүп жатканы менен түшүндүргөн. Абалды жеринен көрүү үчүн Экономика министрлиги менен ЕЭКтин өкүлдөрү барган. Кыргызстандын Экономика министрлиги топтун мүчөлөрүнө Казакстан ЕАЭБдеги товар кыймылынын эркиндигин чектеп жатканын билдирген. Делегация чек арага келген кезде казак тарап саатына сегиз-тогуз фурадан өткөрө баштаган (мурда экиден-үчтөн өтүп жаткан).
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө абалды жөнгө салууну тапшырган.
Казакстандын УККсы чек арадагы фуралар боюнча көрүнүшкө түшүндүрмө берди