Иса Ахунбаев менен Абды Сүйөркуловго Кыргыз эл баатыры наамы ыйгарылды

Эки инсандын Кыргызстандын жана элдин алдында сиңирген эмгектери зор экендиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Академик, хирург Иса Ахунбаев менен советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Сүйөркуловго көздөрү өткөндөн кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку наамы ыйгарылды.
Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Сүйөркулов
Президенттин маалымат кызматы бул боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгондугун айтты.
Ахунбаевге Кыргыз Республикасынын медицинасынын жана илиминин калыптанышына, өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн, ал эми Сүйөркуловго мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.
Мындан бир аз мурдараак мамлекеттик жана коомдук ишмер Насирдин Исановго да мамлекеттик жогорку наам берилгени маалымдалган.
Ленинге жолугуп, Сталинге кат жазган көк жал Жусуп Абдрахманов. Жапаровдун сөзү