Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилке бөлүнөт. Видео

Бул Кыргызстанда биринчи жолу эксперимент катары жасалып жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында коомдук транспорт үчүн (автобус, троллейбус) атайын жол тилкесин бекитүү үчүн атайын иштер калаанын түштүк жагынан, тагыраагы, Нуркамал менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнөн башталды. Бул туурасында вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов айтып берди.
Мындай экспреимент Кыргызстанда биринчи жолу жасалып жатат.
"Президенттин тапшырмасы менен миң автобус келе жатат. Бул жол ошол автобустардын тургундар үчүн ыңгайлуу жана мобилдүү жүрүшүнө ылайыкталууда", — деди ал.
Сазыков экинчи этап менен Байтик Баатыр көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки аймак жасаларын, кийинки кезек Жибек Жолунда экенин, андан соң Профсоюз көчөсүнө, аны бүтүп, Чүй проспектине салышарын билдирди.
"Мындай жол тилкелери менен шаарды айланта курчайбыз. Азыр иштин 20 пайызы бүттү. Сиздерден сунуштар, ой-пикирлер түшсө мыйзам чегинде карап чыкканга даярбыз", — деди ал.
Сазыков аталган жол велосипед жана самокат тепкендерге да ылайыкталгандыгын билдирди. Тагыраагы, аталган эки транспорт эми жөө кишилер баскан тротуарларга түшпөстүгүн кошумчалады.
Мэрия: Бишкекте троллейбус линиясынын ордуна маршруткалар чыга баштады