Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Россиянын түпкүрүнө тереңдеп кирбеш керектигин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский согушту Россиянын аймагына алып өтүү туура эмес деген пикирин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эгер мындай болгондо биз жалгыз калышыбыз мүмкүн, ири тобокелдик бар", — деген Зеленский журналист Наталья Мосейчукка маек берип жатып.
РИА Новости анткен менен Киев режими Россиянын аймагындагы бөлүктөргө байма-бай чабуул жасап жатканын эске салды. Июлда Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов украиналык ТСН телеканалына Украинанын Куралдуу күчтөрү "Крымга кирүүнү каалай турганын" айткан. Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Украинанын Коопсуздук кызматы менен Чалгын башкы башкармалыгынын чет өлкөдө өзүнүн тармактары бар экендигин, Россиянын аймагына пилотсуз аппараттар менен кол салуунун саны арбый турганын жар салган.
Украина 4-июнда Түштүк Донецкиге, Артемовскиге жана Запорожье багытында контрчабуулун баштаган. Киев режими согушка НАТО даярдаган күчтөр менен чет элдик техникаларды салган. Россия лидери Владимир Путин каршылаш тарап согушта майнаптуу эч нерсе кыла албагандыктан, Батыштагы кураторлордун контрчабуулдардын жүрүшүндө аларга ичи чыкпагандыгын айткан.
Батыш чарчап бүттү. Украина колдоосуз калчудай...