Кыздарды сойкулукка тарткан деп Бишкектеги саунанын администратору кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкекте кыздарды сойкулукка тарткан деп сауналардын биринин администратору кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 31 жаштагы К.Ю. аттуу аял саунанын кардарларына интим-кызмат көрсөткөн кыздарды таап берип, ал үчүн материалдык пайда тапканы аныкталган.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалган аял менен тергөө кызматы иштеп жатат.
Бишкекте саунада сойкукана уюштурган деп 41 жаштагы аял кармалды. Сүрөт