"Кыргыз көмүр" Жумгалдагы "Ак-Улак" көмүр кенин иштетет. Сүрөт

Аталган кенди иштетүүгө инвестиция тартылары күтүлүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жумгал районунун Миң-Куш аймагында жайгашкан "Ак-Улак" көмүр кени иштетиле баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.
1 / 2

Жумгал районунун Миң-Куш аймагында жайгашкан "Ак-Улак" көмүр кени иштетиле баштайт.

2 / 2

Кенди иштетүүнү "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы колго алат.

Кенди иштетүүнү "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы колго алат.
Аймакта президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "Кыргыз көмүрдүн" өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Аталган кенди иштетүүгө инвестиция тартылары күтүлүп жатканы айтылды.
Жыргалаң көмүр кени кайрадан иштей баштады. РКӨФ ага 1,7 млн. доллар бөлдү