Ысык-Көлдүн тургундары урологдун кароосунан бекер өтө алышат. Убакыт-сааты

Врач. Архивдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун тургундары урологго акысыз көрүнө алышат. Бул тууралуу Кыргыз-Россия Славян университетинин маалымат кызматы кабарлады.
Урологиялык саламаттык жумалыгы 19-24-сентябрь күндөрү өтөт. Дарыгерлер, аспиранттар жана окуу жайдын урология кафедрасынын ординаторлору элди Каракол шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин имаратында кабыл алышат.
Медиктер ички органдарды текшерип, кан басымын өлчөп, кан, заарадан анализ алышат. Мындан тышкары, консультациялык жардам көрсөтүү каралган.
Медик. Иллюстративдик сүрөт
Бишкекте эхинококкоз боюнча бүткүл дүйнөлүк конгресс өтөт