Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Америкалык сенаторлор Киевге кезектеги жардам сурамын четке кагууну сунуштады

Республикачылар буга чейин АКШ президенти Жо Байденди Украинага кошумча 24 миллиард долларлык жардамды каржылоо сурамынан баш тартууга чакырышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Республикачы сенаторлор конгресстеги кесиптештерине Ак үй стратегиясын түшүндүрмөйүнчө Украинага жардам көрсөтүү боюнча жаңы сурамын четке кагууну сунуштап жатышат. Бул тууралуу Politico басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды.
"Америка эли акчасы кайда жумшалып жатканын билүүгө татыктуу", — деп айтылат сенаторлор Жеймс Ванче менен Чип Ройдун катынын долбоорунда.
Бул кат Ак үйдүн бюджет департаментине жөнөтүлгөн. Анда администрациянын билдирүүсүндө Украинага колдоо көрсөтүүнүн "так мөөнөтү көрсөтүлбөгөнү жана түшүнүксүз стратегияга негизделгени" айтылат. Мындан тышкары, жардамдын максаты бүдөмүк экени белгиленген.
Мыйзамчылар администрацияга украин "контрчабуулунун" жүрүшү, АКШнын стратегиясы, кырдаалдан чыгуу планы тууралуу суроо берүүнү сунушташууда. "Жообун билбей туруп бул сурамды канааттандыруу конгресс тарабынан жеткен акылсыздык болот. Ушул жана башка жүйөлүү себептерден улам биз кошумча чыгашага каршыбыз", — деп айтылат каттын долбоорунда.
Сенаторлор администрациядан коюлган суроолорго жооп берип туруп, жаңы ассигнация өтүнүүнү сунушташууда.
Эскерте кетсек, республикачы сенаторлор буга чейин АКШ президенти Жо Байденди Украинага кошумча 24 миллиард долларлык жардамды каржылоо сурамынан баш тартууга чакырышкан. Тиешелүү катка 12 конгрессмен кол койгон болчу.
Батыш чарчап бүттү. Украина колдоосуз калчудай...