Токаев казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууну тапшырды

Президент маселени эки өлкө ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамиленин духунда жөнгө салуу керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Касым-Жомарт Токаев Казакстан өкмөтүнө казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.
Токаев маселени эки өлкө ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамиленин духунда жөнгө салуу керектигин айткан.
Өлкө башчы кыргыз тарап менен чек арадан товардын мыйзамсыз өткөрүлүшүн алдын алуу үчүн санариптештирүү жана автоматизациялоону киргизүү тууралуу сүйлөшүүнү улантуу керектигин да белгилеген.
Буга чейин бир нече күн казак-кыргыз чек арасында жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралган. Казак тарап муну маңзатка каршы текшерүүлөр жүрүп жатканы менен түшүндүргөн. Абалды жеринен көрүү үчүн Экономика министрлиги менен ЕЭКтин өкүлдөрү барган.
Кожошев: Казакстан текшерүүгө келген ЕЭК делегациясын өзү жакка өткөрбөй койду