Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россияга түндө чабуул жасаган 42 дрон атып түшүрүлдү

Түндө Калуга облусунун асманынан да украиналык ПВО С-200 комплексинин ракетасы атып түшүрүлгөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Жумага караган түнү Россияга украиналык 42 учкучсуз аппарат чабуул жасаганын, анын 33ү радиоэлектрондук күрөш каражаттары менен жок кылынса, 9у атып түшүрүлгөнүн өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.
"Бүгүн түнү Киев режиминин Россия Федерациясынын аймагына учкучсуз учуучу аппараттар менен террордук чабуул жасоо аракетине бөгөт коюлду. Абадан кол салуудан коргонуу каражаттары менен 42 дрон аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Ведомство Крымдын аймагынан тогуз аппарат жок кылынганын, 33ү максатына жетпей талкаланганын тактады.
Буга чейин Севастополдун губернатору Михаил Развожаев бир нече аппарат Херсонес булуңунан жок кылынып, жабыркагандар жана талкаланган инфраструктура болбогонун кабарлаган.
Мындан тышкары, түндө Калуга облусунун асманынан да украиналык ПВО С-200 комплексинин ракетасы атып түшүрүлгөнү айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аскердик операция: Россия Куралдуу күчтөрү Купянск багытында алдыга жылууда