Тверде кулаган менчик учакта Евгений Пригожиндин бар экени айтылууда

Борттогу он кишинин үчөө экипаждын мүчөлөрү болгонун билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Тверь облусунда ичинде 10 адам бар менчик Embraer Legacy учагы кулаганын РИА Новости ӨКМге таянып кабарлады.
"Борттогу он кишинин үчөө экипаждын мүчөлөрү болгон. Алдын ала берилген кабарда ичиндегилердин баары каза тапкан”, — деп айтылган маалыматта.
Учактын Москвадан Санкт-Петербургга бара жатып, эл жашаган Куженкино аймагына жакын жерге кулаганы, учурда куткаруучулар издөө иштерин аткарып жатканы айтылды.
Росавиациянын маалыматына караганда, жүргүнчүлөрдүн тизмесинде жеке аскердик "Вагнер" компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин аты-жөнү бар. Авиакырсыктын себебин изилдөө башталган.
Тверь облусунун губернатору Игорь Руденя кырсыктын себебин изилдөөгө көзөмөл кылууну өзүнүн жоопкерчилигине алган. Кырсык болгон жерге тартип коргоо органдары менен ӨКМдин кызматкерлери барган. Алар кырсыктын эмнеден келип чыкканын жана көз жумгандардын санын тактап жатат.
Путин Пригожин менен козголоңдон 5 күн өткөн соң Кремлден жолуккан