14,5 чакырымдан терезеге тиет. Сокку уруучу Ми-28 HM тик учагынын артыкчылыгы

Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Россиялык Ми-28 HM "Ночной суперохотник" сокку уруучу тик учагы кайрадан майданга чыкты. Бул туурасында Sputnik даярдаган инфографикадан көрүүгө болот.
Бир нече убакыт тыныгуудан кийин "Изделие-305" ракетасын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Түштүк-Донецк багытындагы позицияларына атканын көрүүгө болот.
Ракеталарга берилген мүнөздөмөгө таянсак, 14,5 чакырым аралыктан туруп имараттын кичинекей терезесине тие ала турган тактыкка ээ. Бул каршылаш тараптын абадан кол салуудан коргонгон системасына киргенге мүмкүнчүлүк берет.
Сөз болгон тик учакты Сирияда ага окшогон Ми-28Н аппаратын колдонгон тажрыйбадан кийин түзүп чыгышкан.
Ми-28 HM "Ночной суперохотник" сокку уруучу тик учагына эки киши батат. Саатына эң жогорку ылдамдыгы 300 чакырымды түзөт. 460 чакырым аралыкка чейин уча алат. Согуштук жүк көтөрүмдүүлүгү — 2 300 кг.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Крым: универсалдуу десанттык кемелерге тик учактар жайгаштырылат