Евгений Пригожин бараткан учактын сыныктары табылды. Видео

Полиция сыныктар түшкөн жерди курчап, тегерегинде ар кыл кызматтардын автоунаалары турат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. "Вагнер" аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин учуп бара жатканда Тверь облусуна кулаган учагынын сыныктары Куженкино поселогунун кире беришинде жатат. РИА Новостинин кабарчысы бул авиакырсык болгон аймактан эки чакырымдай аралыктагы жер экенин кабарлады.
Полиция сыныктар түшкөн жерди курчап, тегерегинде ар кыл кызматтардын автоунаалары күйүп-жанган жарыгы менен турат. Тартип сакчылар алардын жанынан өткөндөрдү токтотуп, аталган жерге келгендердин максатын сурап жатат.
Эске салсак, кечээ кечинде Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тверь облусунда ичинде 10 адам бар (үчөө экипаж мүчөлөрү) менчик Embraer Legacy учагы кулаганын билдирген. Баары каза тапкан.
Росавиация жарыялаган маалыматтарга караганда, жүргүнчүлөрдүн тизмесинде жеке аскердик "Вагнер" компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин аты-жөнү болгон. Кырсыктаган самолет бизнес-ташууларды аткарып келген "МНТ-Аэро" компаниясына таандык.
Ыкчам кызматтын өкүлүнүн РИА Новостиге айтып бергенине караганда, учак кулаган жерден сегиз кишинин сөөгү табылган. Авиакырсыктын себебин изилдөө кечээ башталды.
Путин Пригожин менен козголоңдон 5 күн өткөн соң Кремлден жолуккан