Мишустин: ЕАЭБ жаңы өнөктөштөр үчүн ачык бойдон калууда

Өкмөт башчынын айтымында, ири Евразиялык өнөктөштүктү түзүү ЕАЭБдин айланасында тең укуктуу кызматташтыктын жалпы экономикалык мейкиндигин түзүүгө мүмкүндүк берет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ири Евразиялык өнөктөштүктү куруу ЕАЭБ өлкөлөрүнө пайда алып келет, бул багытта ишти күчөтүү зарыл. Бул тууралуу РФ өкмөт башчысы Михаил Мишустин Армениядагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйынында билдирди. Бул тууралуу Sputnik Армения жазды.
"Бирикме калыптанып жаткан көп полярдуу дүйнөнүн уюлдарынын биринин ролун ойнойт. Биз азыркы тапта башка өлкөлөр жана аймактык бирикмелер менен өз ара кызматташууну арттыруу өзгөчө талап кылынарын жакшы түшүнөбүз", — деген Мишустин.
Анын айтымында, ири Евразиялык өнөктөштүктү түзүү ЕАЭБдин айланасында тең укуктуу кызматташтыктын жалпы экономикалык мейкиндигин түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ири Евразиялык өнөктөштүк — РФ президенти Владимир Путиндин практикалык демилгеси. Анын концепциясы биринчи кадамдар саясий же аскердик чөйрөдө эмес, Евразия континентинин экономикасынын архитектурасында жасалышы керек. Анткени дал ушул экономика азыркы коомдун базиси болуп саналат.
Кыргыз-казак чек арасына ЕЭКтин өкүлдөрү келип, бийлик дооматтарын айтты