Кыргыз-казак чек арасына ЕЭКтин өкүлдөрү келип, бийлик дооматтарын айтты

Казак тартап ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун негизги принцибин бузуп жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Казакстан ЕАЭБ алкагында товарлардын эркин жүрүүсүн чектеп жатат. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Кыргызстандын демилгеси менен ЕЭК жана КР бийлик өкүлдөрү бүгүн кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" пунктуна барышкан. Комиссиянын делегациясын ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жетектеп келген.
1 / 2

Кыргызстандын демилгеси менен ЕЭК жана КР бийлик өкүлдөрү бүгүн кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" пунктуна барышкан

2 / 2

Комиссиянын делегациясын ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жетектеп келген

Анда экономика министрлиги төмөнкүдөй дооматтарын айткан:
"Кең-Булуң", "Ак-Тилек" жана "Чалдыбар" чек ара пунктуларында абал чыңалууда. Казак тарап текшерүү иштерин катаалдатып, жүк ташуучу унаалардын өтүшүн кечеңдетүүдө;
Казакстан ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун негизги принциби болгон товарлардын эркин жүрүү эрежесин бузуп жатат;
Мындай кырдаал системалуу мүнөзгө ээ, казак тарап жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн жайлатуу үчүн ар кандай себептерди ойлоп табууда;
Мунун баары Кыргызстандын тышкы экономикасына терс таасирин тийгизүүдө. Биздин ишкерлер чоң жоготууларга учурап жатат, өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелерин аткара албай калууда. Өтө албай турган жүктүн арасында тез бузулуучу азыктар да бар, аларды өз убагында жеткирбөө чоң финансылык жоготууларга алып келет;
Казакстан 20-августтан тартып эч кандай расмий билдирүүсүз эле чектөө киргизип койду. Анын кесепетинен учурда чек аранын кыргыз тарабында 500гө чукул транспорт кезекте турат.
Казакстан менен болгон чек арада топтолгон фуралардын саны азайды