Тверде кулаган Embraer Legacy учагынын ичиндегилердин аты-жөнү жарыяланды

РИА Новости мурдараак окуя болгон жерден сегиз кишинин сөөгү табылганын кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Росавиация кечээ Тверь облусунда кулаган менчик Embraer учагынын ичинде болгондордун аты-жөнүн, анын ичинде "Вагнер" тобунун жетекчиси Евгений Пригожиндин фамилиясын жарыялады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Авиакомпания Embraer-135 (EBM-135BJ) учагынын бортунда төмөнкүлөр болгонун билдирген:
Propustin Sergey;
Makaryan Evgeniy;
Totmin Aleksandr;
Chekalov Valeriy;
Utkin Dmitriy;
Matuseev Nikolay;
Prigozhin Evgeniy аттуу жүргүнчүлөр болгон.
Андан сырткары, экипаждын төмөнкү мүчөлөрү:
Levshin Aleksei - командир;
Karimov Rustam – экинчи пилот;
Raspopova Kristina аттуу борт коштоочу бар экени айтылды.
Роскосмос бул учуу тиешелүү тартипте аба мейкиндигин колдонууга берилген уруксаттын негизинде жасалгандыгын белгилеген.
РИА Новости мурдараак окуя болгон жерден сегиз кишинин сөөгү табылганын кабарлаган. Учурда издөө-куткаруу иштери уланып жатканы айтылды.
Эске салсак, кечээ кечинде Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тверь облусунда ичинде 10 адам бар (үчөө экипаж мүчөлөрү) менчик Embraer Legacy учагы кулаганын билдирген. Маалыматта баары каза тапканы айтылган.
Кырсыктаган самолет бизнес-ташууларды аткарып келген "МНТ-Аэро" компаниясына таандык экени белгилүү болду.
Евгений Пригожин бараткан учактын сыныктары табылды. Видео