Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары грузин тилине которулду

"Биринчи мугалим", "Кызыл жоолук жалжалым", "Ак кеме" жыйнактары жарык көргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары грузин тилине которулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев билдирди.
"Биринчи мугалим", "Кызыл жоолук жалжалым", "Ак кеме" жыйнактары жарык көргөн. Демилгени элчилик көтөрүп, аны ишке ашырууга Кыргызстандын ардактуу консулдары Арчила Мазиашвили жана Эднар Папунашвили көмөк көрсөткөн.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары грузин тилине которулду.
Китепке кириш сөздү жазуучунун уулу, ТИМдин мурунку башчысы Аскар Айтматов жазып берген. Айтматов быйыл 95 жашка чыкмак.
Айтматовдун 95 жылдыгына карата Бишкекте эл аралык кинофестиваль өтөт