24-августка карата аба ырайы

24-августка караган түнү Баткен, Ысык-Көл өрөөндөрүнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көлдүн көпчүлүк, Нарын аймагынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас жергесинде +31...+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +24...+29, ал эми Нарын районунда +25...+30 градуска жетет.
Бул күнү Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +33...+35, Ошто +35...+37, ал эми Чолпон-Атада +26...+28 градуска көтөрүлөт.
Августта күн кандай болот? Бир айдын аба ырайына божомол