Кыргызстандыктар эми баалуу кагаздарды мобилдик тиркеме менен сатып алса болот

Реалдуу убакыт режиминде корпоративдик акциялар жана облигациялар жеткиликтүү болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Мындан ары кыргызстандыктар мамлекеттик баалуу кагаздарды мобилдик тиркеме аркылуу сатып ала алат. Бул туурасында финансы министринин орун басары Руслан Татиков "Кыргызстандагы мамлекеттик баалуу кагаздардын рыногун өнүктүрүү артыкчылыктары жана келечеги" аттуу практикалык конференцияда билдирди.
Министрлик "Кыргыз биржа фонду" менен биргеликте фондулук биржага мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чыгаруу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди.
"Буга чейин мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу Улуттук банктын аянтчасында аукцион аркылуу гана жүргүзүлүп келген. Эми жаңы мүмкүнчүлүктөр кошулуп биржалык финансы рыногуна чыгып жатат", — деди Татиков.
MegaPay төлөм системасы менен "Кыргыз биржа фондунун" платформасынын интеграциясы Кыргызстанда биринчи болуп санарип платформаны киргизди, ал жерде реалдуу убакыт режиминде корпоративдик акциялар жана облигациялар жеткиликтүү болот.
Мамлекеттик баалуу кагаздардын ачык жарыяланышы ички жана тышкы инвесторлордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган чара экени белгиленди.
Үйдөн чыкпай 148 кызматты алса болот. Электрондук кол тамгага түшүндүрмө