23-августка карата аба ырайы

23-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. 23-август, шаршембиде, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +30...+35, Талас жергесинде +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +31...+36, Ысык-Көл өрөөнүндө +23...+28, Нарында +24...+29 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +33...+35, Ош шаарында +34...+36, Чолпон-Атада +24...+26 градуска жетет.
Ысык-Көлдүн керемет жерлери. Көз менен көргөнгө не жетсин!